Окуу-тарбиялык иштер

Иштин багыттары

1.1 Замандын талабына ылайык билим берүү аркылуу коомдун өнүгүшүнө
шайкеш келген,турмушта өз ордун таба билген компотентүү
бүтүрүүчүлөрдү тарбиялоо, анын негизинде эркин жаштардын өзүнүн
жеке укугун ,жеке көз карашын камсыз кылуу.Окуу процесси окуу планы
жана расписение менен жөнгө салынат.Окуу планы Кыргыз
Республикасынын Билим берүү уюмунун базистик окуу палнынын
негизинде кабыл алынган. Бул кызыктар тараптардын кызыкчылыктары
жана мектептин педагогикалык курамынын мүмкүнчүлүктөрү.
1.2 Өзүн-өзү баалоо үчүн комиссия окуу процессин окуу-методикалык жактан
камсыз кылуу билим берүү программаларына ылайык келерин аныктады.
Окуу-методикалык камсыздоо программалык материалдарды
өздөштүрүүнүн талап кылынган деңгээлине жетишүүгө мүмкүндүк
берүүчү предметтин же кандайдыр бир бөлүм боюнча окутуунун
мазмунун чагылдырат. Каалаган убакта алардын билим берүү
ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана оңдоо мүмкүнчүлүгүн берет.
1.3 Мектептин өзүн-өзү баалоо комиссиясынын китепкана фондун
талдоосунун негизинде төмөнкүдөй жыйынтык берди:бардык окуу
китептери КР ББИМ 01.09.2020 №699/1 буйругу менен сунуш кылынган
тизмеге туура келери аныкталды.Талдоо тизмелер жана баяндамалар
түрүндө берилет жана алар пед.кеңешмеде жана директордун
алдындагы кенешмеде жарыяланат.
1.4 Мектепте маалыматтык коопсуздук түзүү боюнча иш-чаралар болуп
төмөнкүлөр саналат:
• Балдарга маалыматтык,техникалык коопсуздуктун негиздерин
үйрөтүү,информатика сабагында балдарды маалымат менен иштөө
маданиятына багыттоо;
• Окуучулар жана мектеп администраторлору пайдалануу үчүн
тармактарды бөлүү;
• Маалыматтык коопсуздук боюнча класстык сааттарды,семинарларды
өткөрүү.
2.1 Өзүн-өзү баалоо комиссиясы методикалык бирикмелерде окуу
максаттары так көрсөтүлгөнүн аныктады.Максаттар Мамлекеттик
стандартка шайкеш келип,окуучулардын компотентүүлүгүн өнүктүрүүгө
багытталган.Максаттар окуучунун позициясы тарабынан коюлган.
2.2 Мектептин баардык мугалимдери компьютердик даярдоодон
өтүшкөн,дистанттык сабактарды өткөрүүнүн көндүмдөрүн өздөштүрүүгө
,видеосабактарды түзүүгө даярдалган.Мугалимдердин 100%
компьютердик билимге ээ,интерактивдүү доска менен иштөө
көндүмдөрүнө ээ.Сабак өтүүдө усулдук иштеринде иновациялык
технологияларды системалуу түрдө колдонушат.Сабактарды даярдоо
жана өткөрүүдө,окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө жана
баалоодо Санариптик технологияны колдонууга шарттар түзүлдү.
2.3 Кызыккан тараптардын пикирлерин алуу үчүн ата-энелер
конференциясы, ата-энелердин ар кандай иш-чараларга катышуусу колго
алынган жана системдүү түрдө сурамжылоо жүргүзүлүп турат.Атаэнелердин окуу процессине катышуусун активдештирүү үчүн “Энелер
мектеби” түзүлгөн.Мугалимдердин ишинин методдорун жана
технологиясын корректировкалоо максатында сабактарга анализ жүргузүү
системалуу түрдө ишке ашырылат.
2.4 Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо окуу процессин баалоонун
жобосуна ылайык жүргузүлөт.Баалоо 5 баллдык система менен ишке
ашырылат.Ар бир предметтин жетишкендиктерин баалоо үчүн түзүлгөн
критерийлер окуучу жана мугалим тарабынан биргеликте иштелип чыгат.
Ар окуу жылында 2 жолу тестирлөө жүргүзүлүп жана билим сапатын
аныктоочу тапшырмалар берилет,бул бардык деңгээлдеги окуучулардын
билим сапатын көзөмөлдөөгө ,начар окуган жана жөндөмдүү балдар
менен дифференциалдуу иш алып барууга мүмкүндүк берет.
2.5 Окуучуларга колдонулган эрежелер,баалоонун жол-жоболору жана
натыйжалары,ошондой эле аларды кайра карап чыгуу жөнүндө
маалымат берүү системасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
• Баалоо системасы жөнүндө жобо;
• Жазуу иштерине баа берүүнүн ченемдери ар бир канаада илинет;
• Окуучулар апелляция жүргүзүү тартиби менен таанышат ;
• Окуучулар өз укуктарын эркин пайдаланышат.
2.6 Мектептин негизги иш-багыттарынын бири ден-соолукту сактоочу
технологиялар эсептелинет.Буга байланыштуу мектептин мугалимдери
тарабынан сергек жашоону алдын алуу боюнча класстын тышкаркы
иш-чаралар жүргүзүлүп,кеп-кеңештер берилип турат.Окуучулардын
физикалык жактан өнүгүүсү үчүн иш-чаралар уюштурулат.Акыркы
жылдарда мектептин мугалимдери тарабынан ар түрдүү темадагы
100дөн ашык тарбиялык иш-чаралар өткөрүлдү.Бул иш-чаралар
окуучулардын эмгекке болгон сүйүү,нравалык,патриоттук жана
эстетикалык көндүмдөрүн калыптандырууга багытталды.
2.7 Мектеп администрациясы тарабынан окуучулардын билим сапаты жана
көрсөткүчү ар чейрек сайын үзгүлтүксүз талданып турат. Окуучулардын
билим сапаты жана прогресси боюнча маселе пед.кенешмеде системалуу
түрдө каралып,ЖМА,ЖРТ,олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылат.Билим
сапатынын анализи окуу көрсөткүчтөрүнүн туруктуу экенин көрсөтүп
турат.Мектеп окуучулары райондук жана областык масштабда сыйлыктарды
алышат.
2.8 Өзүн-өзү балоо комиссиясынын жыйынтыгы боюнча мектепте кызыктар
тараптардын арыздарына жана кайрылууларына жооп кайтарууларына жооп
кайтаруунун төмөнкүдөй жол-жоболорун уюштурулганын аныктады:
• Мугалимге же кызматкерге жазуу жөнүндөгү даттануу:
• Ишеним почтасы (окуучулар даттанууларды калтырышат):
• Директордун инстаграмдагы жеке баракчасына билдирүүлөр келип
турат.
3.1 Мектепте жалпы 24 мугалим эмгектенет.Мугалимдердин 100%
персоналдык компьютерди 100% билет.Алардын көпчулугу дистантык сабак
отуу,видеосабактарды даярдоо жана отуу кондумдору боюнча,балоонун
турлорун максаттуу пайдалануу боюнча окуулардан отушкон. Мектеп кадр
менен толук камсыздалган,программа толук коломдо аткарылып жатат.Жыл
сайын ОМБӨИда квалификацияны жогорулатуу боюнча курстардан өтүү
боюнча заявка оз убагында берилет.