Аккредитация

ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛОО БОЮНЧА ОТЧЕТ

Раимбек Сатыбалды уулу атындагы №32 орто жалпы билим берүүчү мектеби Мекемеси

Программалык аккредитация

НЕГИЗГИ ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ

ОРТО ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ

1. Киришүү

Раимбек Сатыбалды уулу атындагы №32 орто жалпы билим берүү мектеби мекемеси Ош областынын Өзгөн районунун Салам- Алик айылында жайгашкан. Райондон 36 км алыстыкта жайгашкан. Мектеп эки кабаттан турат. Жалпы аянты 3500 метр квадрат. Ичине 30 орунга эсептелген ашкананы камтыйт. Мектепте быйылкы окуу жылында 24 мугалим эмгектенет, 356 окуучу билим алат. Мектептин сайты : https://satybaldyuulu.mektebim.kg/ Электрондук дареги: [email protected] Дареги: Ош областы, Өзгөн району, Салам-Алик айылы

2. Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана далилдөө

1. Билим берүү программасынын мазмуну жана окуу-методикалык камсыздалышы
Өзүн-өзү баалоо критерийлери
Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары
Тастыктоочу база
1.1
Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү
Замандын талабына ылайык билим берүү аркылуу коомдун өнүгүшүнө шайкеш келген , турмушта өз ордун таба билген компотенттүү бүтүрүучүлөрдү тарбиялоо , анын негизинде эркин жаштардын өзүнүн жеке укугун ,көз карашын камсыз кылуу. Окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү уюмунун базистик окуу планынын негизинде кабыл алынган. Бул кызыктар тараптардын кызыкчылыктары жана мектептин педагогикалык курамынын мүмкүнчүлуктөрү.
1. Окуу планы жобосу
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
3. Окуу планы
4. Ички козомол
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
1.2
Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү
Өзүн -өзү баалоо үчүн комиссия окуу процессин окуу- методикалык жактан камсыз кылуу билим берүү программаларына ылайык келерин аныктады . Окуу методикалык камсыздоо программалык материалдарды өздөштүрүүнүн талап кылынган деңгээлине жетишүүгө мүмкүндүк берүүчү предметтин же кандайдыр бир бөлүм боюнча окутуунун мазмунун чагылдырат. Каалаган убакта алардын билим берүү ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана оңдоо мүмкүнчүлүгүн берет.
1. Мектепти онуктуруу планы
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
2. Стратегиялык план
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
4. Жылдык иш план
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
1.3
Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу – методикалык адабияттардын фонду) болушу
Мектептин өзүн -өзү баалоо үчүн комиссиясы китепкана фондун талдоосунун негизинде төмөнкүдөй жыйынтык берди: бардык окуу китептери КР ББИМ 01.09.2020 № 699 /1 буйругу менен сунуш кылынган тизмеге туура келери аныкталды . Талдоо тизмелер жана баяндамалар түрүндө берилет. Алар педкеңешмеде жана директор алдындагы кеңешмеде жарыяланат.
1. Китепкана фонду
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
1.4
Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу
Мектепте маалыматтык коопсуздук түзүү боюнча иш чаралар болуп төмөнкүлөр болуп саналат: балдарга маалыматтык техникалык коопсуздуктун негиздерин үйрөтүү , информатика сабагында балдарды маалымат менен иштөө маданиятына багыттоо окуучулар жана мектеп администратору пайдалануу үчүн тармактарды бөлүү маалыматтык коопсуздук боюнча класстык сааттарды, семинарларды өткөрүү
1. ТИУнун иш планы
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
2. Техникалык коопсуздук эрежелер
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
ЗАГРУЗКА…
Күчтүү жактары: Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында окутуунун активдүү методдору , кесиптик чеберчиликти критикалык ой жүгүртүүнү жана социалдык компетенцияны өнүктүрүүнүн инновациялык технологияларды колдонулат. Окуу китептери 91% түзөт.
Алсыз жактары: Окуу-методикалык адабияттар жетишсиз,айрым окуу китептери эскирген. Көркөм адабияттар жетишсиз.
Сунуштар: Көркөм адабият китептер көп болсо,окуу китептери жеткиликтүү болсун.
2. Компетенттүү окутууну ишке ашыруу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо
Өзүн-өзү баалоо критерийлери
Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары
Тастыктоочу база
2.1
Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу
1. Мектеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан билим берүү программаларынын алкагында иш алып барат. 2. Усулдук бирикмелердин башчылары жана курамы 3. Раимбек Сатыбалды уулу  атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин №1 Педагогикалык кеңешмеде каралып, 2022-жылдын 30- августундагы №1 буйругу менен бекитилген. 2. Класстан тышкаркы иштер боюнча иш пландары түзүлүп, ошонун негизинде иш алып барылат.
1. 1. Методикалык кеңештин жана методикалык бирикмелердин иш пландары 2. Класстан тышкаркы иштердин иш пландары
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
2.2
Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу
1 .Мектептин миссиясы менен дал келген жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык так аныкталган билим берүү максаттары иштелип чыккан. 2. Мугалимдер менен усулдук иш алып баруунун, мугалимдер тарабынан инновациялык технологияларды жана ыкмаларды колдонуу менен сабактар өтүлөт. 3. Мугалимдердин 90% компьютердик курстан өтүп, сертификатка ээ болушту. 4. Мектепте предметтер боюнча ар түрдүү кружоктор уюштурулган. 5. Окуучулардын билим сапатынын мониторинги чейрек сайын жүргүзүлүп турат. 6. Олимпиаданын жобосу, иш планы, даярдоо графиги түзүлүп, ошонун негизинде иш жүргүзүлөт. 7. ЖРТнын жобосу, иш планы, даярдоо графиги түзүлүп иш алып барылат. 8. Курагына, жынысына,этностук, диндик белгилерине, жашаган жерине, акыл эс жана дене бой өнүгүүсүнө, социалдык экономикалык статусуна ж.б. карабастан, сапаттуу негизги, жалпы жана жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берилет.
1. 1. УББнын жана бирикмелердин жылдык иш пландары. 2. Кружоктордун планы 3. Олимпиаданын жобосу, иш планы графиги 4. ЖРТнын жобосу, иш планы графиги
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
2.3
Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу
1. педагогикалык окутуу методдорун баалоо жана корректировкалоо максатында мектеп администрациясы ачык сабактарга катышып, ар бир сабакка тиешелүү анализдер берилет. 2. Окуучулардан кайтарым байланыш алуу боюнча текшерүү иштери,жат жазуу жана тесттер алынып турат. 3. Баалоонун диагностикалык, калыптандыруучу, жыйынтыктоочу түрлөрү менен бааланат
1. 1. Кыргыз тили 2. Тарых 3. География сабактарынан жат жазуу жана тесттери боюнча диаграмма
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
2.4
Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу
1. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо үчүн процедуралар жана куралдар, ченемдер жана баалоо критерийлери бекитилген жана колдонулат. 2. Салттуу жазуу жана оозеки иштер менен катар долбоорлорду, практикалык жана изилдөөчүлүк иштерди баалоо,өз ара баалоо жана өзүн-өзү баалоо сыяктуу баалоонун ыкмалары колдонулат. 3. Предметтер жана класстар боюнча жетишкендиктерди туруктуу мониторингдөө жана баалоо жүргүзүлөт, жыйынтыктарды жана натыйжаларды жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралардын талдоосу берилген 4. Бүтүрүүчү класстардан эң алдынкы окуучуларга артыкчылык күбөлүк берилет. 5. Ар жыл окуучулардын, ата-энелердин, мугалимдердин мектептин ишмердүүлүгүнө канааттануусун изилдөө максатында социалдык сурамжылоо өткөрүлөт Кызыккан тараптардын пикирлерин алуу үчүн ата-энелер конференциясы , ата- энелердин ар кандай иш чараларга катышуусу колго алынган жана системдүү түрдө сурамжылоо жүгүзүлүп турат. Ата- энелердин окуу процессине катышуусун активдештирүү үчүн «ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ» түзүлгөн.
1. 1. Баалоонун нормативдери 2. Предметтердин мониторинги 3. Класстардын мониторинги
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
2.5
Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу
Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо окуу процессин баалоонун жобосуна ылайык жүргузүлөт.Баалоо 5 баллдык система менен ишке ашырылат.Ар бир предметтин жетишкендиктерин баалоо үчүн түзүлгөн критерийлер окуучу жана мугалим тарабынан биргеликте иштелип чыгат. Ар окуу жылында 2 жолу тестирлөө жүргүзүлүп жана билим сапатын аныктоочу тапшырмалар берилет,бул бардык деңгээлдеги окуучулардын билим сапатын көзөмөлдөөгө ,начар окуган жана жөндөмдүү балдар менен дифференциалдуу иш алып барууга мүмкүндүк берет. 1. Мектепте окуу процессине, класстан тышкаркы иштерге, кароо-сынактарга, спорттук мелдештерге дайыма мониторинг жана мезгил-мезгили менен баалоо жүргүзүлүп турат. 2. Мектеп жетекчилиги жана мугалимдер арасында мониторинг жана мезгил-мезгили менен баалоо жүргүзүү үчүн тиешелүү жоболор иштелип чыгып, жооптуу кызматкерлердин арасында функционалдык милдеттерде көрсөтүлгөн.
1. Баалоонун жобосу
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
2.6
Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу
1. Мектептин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Сатыбалды уулу Жолдош атындагы орто жалпы билим берүү мектебинин жылдык иш планы иштелип чыккан. 2. Коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу иш-планы ата-энелердин чогулушунда бекитилген. 3. Мектепте антитеррордук паспорт уюштурулган. 4. Окуучулардын коопсуздугун алдын алуу боюнча жобо иштелип чыккан. 5. Өрт коопсуздугу боюнча иш план иштелип чыккан. 6. Персоналдардын коопсуздугу боюнча инструкция иштелип чыгып, тааныштырылып, кой койдурулган. 7. Окуучулардын ден-соолугу дарыгерлердин кароосунан өткөрүлөт жана оорулуу балдардын ата-энелери менен байланышып, дарылануусу жөнүндө сунуштар берилет.
1. Профилактикалык кенештин иш планы
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
2. Кылмыштуулук боюнча иш пландар
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
2.7
Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы
Окуучуларга колдонулган эрежелер,баалоонун жол-жоболору жана натыйжалары,ошондой эле аларды кайра карап чыгуу жөнүндө маалымат берүү системасы төмөнкүлөрдү камтыйт: • Баалоо системасы жөнүндө жобо; • Жазуу иштерине баа берүүнүн ченемдери ар бир канаада илинет; • Окуучулар апелляция жүргүзүү тартиби менен таанышат ; • Окуучулар өз укуктарын эркин пайдаланыша
1. Билим беруу сапатын баалоо
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
2.8
Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу
Өзүн-өзү балоо комиссиясынын жыйынтыгы боюнча мектепте кызыктар тараптардын арыздарына жана кайрылууларына жооп кайтарууларына жооп кайтаруунун төмөнкүдөй жол-жоболорун уюштурулганын аныктады: • Мугалимге же кызматкерге жазуу жөнүндөгү даттануу: • Ишеним почтасы (окуучулар даттанууларды калтырышат): • Директордун инстаграмдагы жеке баракчасына билдирүүлөр келип турат.
1. Ишеним почтасы
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
ЗАГРУЗКА…
Күчтүү жактары: Акыркы жылдары район боюнча жылдык рейтинг 1 деңгээлден төмөн түшкөн жок. Педагогикалык жамаат Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүу стратегиясын жигердүүлүк менен ишке ашырат жана бардык предметтерди окутуунун жаңы стандарттарын колдонушат.
Алсыз жактары: Жогорку жана орто окуу жайлары менен өз ара байланыштын системалуу эместиги жана кошумча кесиптик билим берүүнүн жоктугу
Сунуштар: Жогорку жана орто окуу жайлары менен өз ара байланыштын системалуу эместиги жана кошумча кесиптик билим берүүнүн жоктугу
3. Кадрдык саясаттын эффективдүүлүгү
Өзүн-өзү баалоо критерийлери
Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары
Тастыктоочу база
3.1
Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү
Мектепте жалпы 24 мугалим эмгектенет.Мугалимдердин 100% персоналдык компьютерди 100% билет.Алардын көпчулугу дистанттык сабак отуу,видеосабактарды даярдоо жана өтүү кондумдору боюнча,баалоонун турлорун максаттуу пайдалануу боюнча окуулардан отушкон. Мектеп кадр менен толук камсыздалган,программа толук коломдо аткарылып жатат.Жыл сайын ОМБӨИда квалификацияны жогорулатуу боюнча курстардан өтүү боюнча заявка оз убагында берилет.
1. Өз билимин өркундөтуу боюнча
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
3.2
Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу
Окуу процессинде ыңгайлуу физикалык чөйрө жагымдуу психологиялык абал түзүлот.Мугалимдер ынгайлуу физикалык чөйрө жана жагымдуу психологиялык абал түзүү боюнча окуулардан өтүшкөн . Окуу процессинин катышуучулары: окуучу мугалим өз ара мамилелерди баалоонун критерийлерин биргеликте иштеп чыгышат . Баалоонун критерийлери жазуу түрүндө сабактын башталышында окуучуларга тааныштырылат.
1. Окуу тарбия боюнча иш- пландар
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
3.3
Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу
Кесиптик чеберчилигин өнүктүрүп курстарга катышып келген бир эле мектептин деңгээлинде эле тажрыйбаны жайылтпастан массалык маалымат каражаттарына өз тажрыйбаларын жайылтышат . М: Кут билим мугалимдер дүйнөсү
1. Ички козомол
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
2. Курска заявка
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
ЗАГРУЗКА…
Күчтүү жактары: Мектеп коллективи кадрлар менен толук камсыздалган. Усулдук бирикмелердин максаттуу иштери насаатчылык иштери жүруп жатат. Окуу процессинин натыйжалуу болушу үчун жагымдуу шарттар түзулдү.
Алсыз жактары: ЖРТда берилген тапшырмалар менен окуу программасынын мазмунун дал келбеши.
Сунуштар: Жаш кадрларды колдоого стимулдар каралса Мисалы : квартира
4. Материалдык-техникалык база
Өзүн-өзү баалоо критерийлери
Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары
Тастыктоочу база
4.1
Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушу
Окуу процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу алдыңкы инновациялык методдорду колдонуу максатында мектепте техникалык каражаттар бар. Спорт зал , ашкана , китепкана бар. Ар бир предметтик канаа керектүү эмерек менен камсыз болгон.
1. Техникалык база
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
4.2
Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)
Ашканада окуучулардын кол жуусу үчүн ысык суу уюштурулуп , 4 умывальник орнотулган жана кол жуучу каражаттар, солфеткалар, суюк самындар менен камсыздалган. Эвакуация пландары түзүлгөн. Ар бир кабинетте жашылдандыруу боюнча гүлдөр жогорку деңгээлде уюштурулган.
4.3
Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу
Материалдык техникалык базада ишти топтоо жана пландоо механизминин болушу. Ал механизмдерге төмөнкүлөр кирет: камкорчулук кеңеш , ата-энелер чогулуштары конкурстарга долбоорлорду жазуу .
1. Ата-энелер чогулуштарынын токтомдору
https://satybaldyuulu.mektebim.kg/
ЗАГРУЗКА…
Күчтүү жактары: Камкорчулук кеңештин болушу , кызыктар ата-энелер , бюджетти пландоо системасынын болушу , социалдык өнөктөштөрдүн бардыгы.
Алсыз жактары: Капиталдык ремонт керек. Спорт залдын аянтынын кичинелиги.
Сунуштар: Мамлекет тарабынан финансылык колдоо

3. Корутунду

Комиссия жүргүзүлгөн өзүн-өзү баалоонун негизинде тандалган Аккредитациядан өтүү үчүн документтерди жөнөтүүнү сунуштайт..

Комиссиянын төрагасы:
Султанова Замира Райимовна
Комиссиянын мүчөлөрү:
Темирова Нуржамал Айдаралиевна
Бостонова Каныкей Тагайбековна
Бойпоев Жаныбек Сагынбаевич
Кулбаева Мунайим Надирбековна